Маалыматка караганда, алардын бири 71 метрлик "Виктория", экинчиси 38 метрлик "Орион" аттуу яхталар. Буга чейин бул кемелер жөнүндө эч нерсе белгисиз болчу.
"Досье" "Виктория" яхтасын "Владимир Путиндин Кара деңиздеги кемелеринин флагманы" деп атаган. Борбордун журналисттери аны Түркиянын Тузла портунда ремонтто токтоп турган жеринен квадрокоптерден тартып алышкан.
"Досьенин" Путин менен 20 жыл мурда бирге иштеген булагы билдиргендей, "Виктория" яхтасы орус президентинин буйругу менен 2000-жылдардын ортосунда "Севмаш" аскердик заводунда курулган. Путинге арналган бул кеменин курулушуна ишкер Сергей Масловдун түзүмдөрү буйрутма берген. Соңунда яхта Путиндин дагы бир досу Геннадий Тимченконун түзүмдөрүнө катталган. Дээрлик 14 жыл курулган "Виктория" 50 миллион долларга бааланат.
"Досьенин" маалыматына караганда, "Викториянын" экипаж мүчөлөрүнүн катарында Путин менен анын айланасындагы адамдарга байланышы бар делген башка яхталарда да иштеген адамдар бар.
"Виктория" негизинен Сочиге токтоп, айрым учурларда иликтөөлөрдө айтылган Путиндин хансарайы жайгашкан Идокопас булуңуна чейин барат. 2021-жылы яхта аннексияланган Крымга чейин жеткен, бул сапарда аны Италияда курулган "Орион" яхтасы коштоп барган.
"Досье" белгилегендей, "Виктория" яхтасын Алина Кабаева колдонуп келген. Буга чейин бир катар басылмалар бийликтеги өз булактарына таянуу менен Кабаеваны Путиндин жубайы жана алардын эки баласы бар экенин кабарлашкан.
Иликтөөдө өткөн жылы Италияда "Шехерезада" яхтасы камакка алынгандан кийин "Виктория" Путинге байланышы бар Кара деңиздеги эң ири яхта болуп калганы белгиленген. Маалыматка караганда, мындан тышкары Кара деңизде Президенттин иш башкармалыгынын балансындагы "Чайка", Путиндин досу Юрий Ковальчукка байланышы бар уюмга тиешелүү "Шеллест" жана "Орион" яхталары бар.