Мекеменин маалыматына караганда, жакынкы убактарда мындай ишмердүүлүк менен алектенүү мүмкүнчүлүгүнө "ТТ мобайл" жана "Индиго Тажикстан" компаниялары ээ болот.
"Бул кадам интернет жеткирүү кызматтарынын деңгээли менен сапатын жогорулатууга жана интернет баасын төмөндөтүүгө түрткү болот. Мындан тышкары бул байланыш тармагында атаандаштык чөйрөнүн түзүлүшүнө жана өлкөнүн телекоммуникациялык тармагына жеке капиталды тартууга шарт түзөт деп үмүттөнөбүз", – деп жазылган президенттин кудасы Бег Сабур башкарган мекеменин билдирүүсүндө.
Президент Эмомали Рахмондун үй-бүлө мүчөлөрү көзөмөлдөгөн компаниялардын интернет кызматын көрсөтүү тармагындагы монополиясы көптөгөн жылдардан бери интернет колдонуучулардын сынына кабылып келет.