Ссылки доступа

Мындан ары өзбек жарандары Мексика аркылуу АКШга кире алышпайт


Эми АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган өзбекстандыктар кармалып, иммиграциялык иштери чечилгенге чейин камакта болушат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Ташкенттеги элчилиги билдирди.

"Мындан тышкары алардын Кошмо Штаттардын аймагына кирүүсүнө тыюу салынат. Бул тууралуу АКШнын Ички коопсуздук министрлиги Мамлекеттик департаментке кабарлады. Өлкөдө жүрүүгө мыйзамдуу негиздери жок өзбекстандыктар мекенине коммерциялык авиакомпаниялардын, ошондой эле АКШнын Иммиграциялык жана Бажы кызматтары уюштурган чартердик каттамдар менен жөнөтүлөт", – деп жазылган мекеменин 20-ноябрда жарыяланган билдирүүсүндө.

Элчилик өзбекстандыктарга АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирүү кооптуу жана кымбат экенин эскерткен.

Өткөн айда АКШ коопсуздук үчүн Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарынан Европа Биримдигинин (ЕБ) транзиттик визаларын талап кылып жатканы кабарланган. Анда мындай чара АКШга ыктымал террорчулардын кирүүсүн алдын алууга багытталганы айтылган. Ага чейин бир нече өзбек жараны "Ислам мамлекети" террордук тобуна байланышы бар аткезчинин жардамы менен Мексикадан АКШнын аймагына мыйзамсыз өткөнү аныкталганы белгилүү болгон.

Быйыл августта Жо Байдендин администрациясы Өзбекстандан АКШга адамдарды мыйзамсыз ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулганын билдирген. АКШнын расмий адамдары бул топтун бери дегенде эле бирөөнүн чет өлкөлүк террордук уюм менен байланышы бар экенин айтышкан.

Айрым булактардын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ФБР аталган топтун жардамы менен АКШга мыйзамсыз кирген 120 өзбек иммигрантынын 15ин издеп жатат.

13-октбярда Fox News телеканалы АКШнын Чек ара кызматынын маалыматына таянып, акыркы эки жылда Кошмо Штаттардын чек арасынан мыйзамсыз өткөндөрдүн саны боюнча Өзбекстандын жарандары үчүнчү орунга чыкканын кабарлаган. Ага ылайык, акыркы эки жылда 13 624 өзбекстандык АКШнын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган.

Америкага мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган жарандардын саны боюнча Түркия алдыда турат – 30 830 адам. Андан кийинки орундарга Мавритания (15 594), Өзбекстандан кийин Египет жана Пакистан жайгашкан.

XS
SM
MD
LG