Ссылки доступа

Эмомали Рахмон Орусияга расмий сапар менен барды


21-ноябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орусияга расмий сапар менен барды.

Сапардын күн тартибинин чоо-жайы айтылган жок.

Бирок ТАСС агенттиги тажик президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдуфаттох Шарифзодага шилтеме кылып, Рахмон Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушууну пландап жатканын кабарлады.

23-ноябрда Рахмон Москвадан Минскке учуп барып, ал жерде ЖККУнун саммитине катышары күтүлүүдө. Рахмон менен Путиндин акыркы жолугушуусу октябрда Бишкекте КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында өткөн.

Тажикстан менен Орусия стратегиялык өнөктөштөр. Орусиянын эң ири аскер базасы Тажикстандын аймагында жайгашкан. Ал жерде 7 миң аскер кызматкери бар. Тажикстандын 1 миллионго жакын жараны жыл сайын Орусияга жумуш издеп барат.

Өткөн жылы октябрда Рахмон Путинге ачык кайрылуу жасап, Тажикстанга "чоң урмат" менен мамиле жасоого чакырган. Эксперттер бул билдирүү Душанбе менен Москванын ортосунда кандайдыр бир келишпестик бар экенин көрсөтүп турарын айтышкан.

XS
SM
MD
LG