Ссылки доступа

Новосибирск: казак жараны орус паспортун алуу үчүн согушка барууга макул болду


Новосибирск облусунун Бердск шаарында жашаган казак жараны Павел Конторбаев Украинадагы согушка катышуу боюнча келишим түзүү шарты менен орус паспортун алган. Бул тууралуу аталган шаардын басма сөз кызматы кабарлады.

Конторбаев менен бирге анын жубайы Вероника жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык алган. Жубайларга паспортторду "салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи" шаардын мэри Роман Бурдин жана шаардык кеңештин төрагасы, "Бирдиктүү Орусия" партиясынын өкүлү Владимир Голубевдин катышуусунда өткөн.

Бердск шаарынын мэриясы бул Новосибирск облусунда жарандык алуу үчүн согушка барууга макул болгон биринчи учур экенин билдирүүдө.

100 миң калкы бар Бердск Новосибирсктен 40 чакырым алыстыкта жайгашкан жана бир кезде аскердик шаар катары эсептелген. Бул жерде Чеченстанда согушкан 67-спецназдын бригадасы жайгашкан. 14 жыл мурун бригада таркатылган. Учурда Бердскте санкциялардан улам жеткиликсиз болгон учактын тетиктерин чыгаруу үчүн жергиликтүү электромеханикалык заводду кайра иштетүүнү пландап жатышат жана шаардын көптөгөн көчөлөрү Украинада курман болгондордун урматына аталмакчы.

XS
SM
MD
LG