Ссылки доступа

АКШ Украинага жаңы жардамдын алкагында HIMARS системасын берет


Дүйшөмбү күнү АКШ Украинага бериле турган аскердик жардамынын жаңы топтомун жарыялады. Жардам 100 миллион долларга бааланып, ага орус баскынчыларынын мизин кайтарууда натыйжалуулугун көрсөтүп жаткан HIMARS ракеталык системасы кирет.

Киев жардамдын алкагында бул ракеталык системалар үчүн кошумча ок-дарыларды, "Стингер" зениттик-ракеталык системаларын жана танкка каршы "Жавелин", TOW жана AT-4 артиллериялык куралдарын, үч миллиондон ашык ок, аскердик тетиктерди жана кышкы кийимдерди алат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин башчысы Энтони Блинкен бул жардам Украинага өз аймактарын бошотуу үчүн күрөштө жардам берерин баса белгиледи.

"Орусия агрессивдүү согушун токтотмоюнча, АКШ жана анын 50дөн ашуун мамлекеттен турган өнөктөштөрү Украинаны колдоону улантат", — деп айтылат АКШнын Мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө.

Жаңы жардам пакети АКШнын коргоо министри Ллойд Остиндин 20-ноябрда Киевге жасаган иш сапарынан кийин жарыяланды. Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуудан кийин Остин украин армиясы буга чейин орус армиясына олуттуу зыян келтиргенин, мурда оккупацияланган аймактардын дээрлик жарымын кайтарып алганын жана Кара деңиз флотун өз жээгинен сүрүп чыгарууга жетишкенин айткан.

XS
SM
MD
LG