Ссылки доступа

Өзбекстандын саламаттык сактоо министри: "Док-1 Макстан" дагы 100дөн ашык бала каза болушу мүмкүн эле


Өзбекстандын саламаттык сактоо министри Амрилло Иноятов өлкөдө "Док-1 Maкс" сиробунун курмандыктары кыйла көп болушу мүмкүн болгонун билдирди.

Министрдин айтымында, анда ал министрдин биринчи орун басары кызматында иштеп жаткан.

"Балдар "Док-1 Макстан" каза болуп жатканын 24-25-декабрларда уккам. Дароо эле 17 миңден ашык медайым жана медициналык топторду уюштурдук. Алар январдын алгачкы 10 күнүндө дарыканалар менен үйлөрдү кыдырып, бардык "Док-1 Макс" сиробдорун чогултушту. Укук коргоо органдары бардык дарыканаларды инвентаризациядан өткөрүп жардам беришти", – деди Иноятов.

Министрдин айтымында, өлкөнүн бардык аймактарынан 100гө жакын баланы чогултуп, Ташкенттеги Улуттук балдар медициналык борбору менен Республикалык илимий борборго жаткыруу чечими кабыл алынган.

"Биздин бул аракетибиздин жыйынтыгында көптөгөн балдар аман калышты", – деп кошумчалады Иноятов.

Буга чейин балдардын өлүмү боюнча Ташкент шаардык сотунда өткөн отурумда саламаттык сактоо министринин орун басары Эльмира Баситханова бул окуяда министрликтин күнөөсү жок экенин айтып, балдардын "Док-1 Макс" сиробуна жапырт ууланганы жөнүндө мекеме жетекчилигинин маалыматы да болбогонун айткан.

"Озодлик" радиосу белгилегендей, министрликтин аткаминерлеринин мындай бири-бирине каршы келген билдирүүлөрү мекеменин жоопкерчиликтен качууга аракет кылып жатканынан кабар берүүдө.

Ииндиялык Marion Biotech компаниясы өндүргөн "Док-1 Макс” сиробун ичкенден кийин каза болгон 65 баланын өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши быйыл 11-августта Ташкент шаардык сотунда карала баштаган. Айыпталуучулардын арасында 21 киши (16 эркек жана 5 аял), анын ичинде Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттигинин мурдагы директору Сардор Кариев менен Quramax Medikal компаниясынын башчысы Рагневдра Пратар бар.

Буга чейин сотто укук коргоочу Абдурахмон Ташанов "Док-1 Макс" баштаган бир канча дары өлкөгө коррупциялык схемалар аркылуу кирип, сатыкка чыгарылганын айткан.

Сотто "Quramax Medical'дын" директору (Индиянын жараны) "Кураракс" дарысын каттатуунун алдында тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөрбөө үчүн Өзбекстандын фармацевтикалык тармагындагы жетекчилердин бирине 33 миң доллар бергенин мойнуна алган.

2022-жылдын аягында Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясы өндүргөн жөтөлгөн каршы "Док-1 Макс" сиробун ичкенден кийин 65 бала каза болгон. Анда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги "Док–1 Макс" жана "Амбронол" сиропторунун курамынан уулуу диэтиленглиголь жана этиленгликоль заттарынын ашыкча көлөмү табылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG