Ссылки доступа

Өзбекстан: тергөө абагында кыйноого кабылган ишкердин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү


Ташкент шаардык соту теги намангандык Орусиянын жараны, ишкер Дильшод Турахожаевдин ишин кайра тергөөгө жөнөттү. Өзбекстанда ал "Каракчылык" беренеси менен айыпталууда.

Наманган облусуна 1 500 туристке ылайыкташкан Aparat Hotel Kosmos аттуу мейманкана жана эс алуу жайын курган Турахожаев быйыл 12-апрелде кармалган.

14-декабрда Ташкенттин Бектемир райондук сотунда Дильшод Турахожаевге карата өкүм чыгышы керек болчу. Ага чейин прокурор айыпталуучу үчүн 16 жыл абакка кесүү жазасын сураган.

Адвокат Нурилла Туляганованын айтымында, тергөөнүн жүрүшүндө каракчылык боюнча процессуалдык аракеттер толук аткарылбаганы үчүн сот ишти кайра тергөөгө жөнөттү. Иш Бектемир райондук прокуратурасы аркылуу Ташкент шаардык ички иштер бөлүмүнүн Тергөө башкармалыгына келип түштү.

Буга чейин адвокат тергөөнүн жүрүшүндө Дильшод Турахожаев кыйноого кабылганын билдирген. Турахожаев өзү тергөө абагынан президент Шавкат Мирзиёевге кат жолдоп, аны жалган жалаанын негизинде камап, Ташкент шаардык ички иштер бөлүмүндө кыйноого алышканын айткан. Катта ал укук коргоо кызматкерлери андан "Космос" эс алуу жайынан баш тартууну талап кылышканын жазган.

Наманганда төрөлүп-өскөн 39 жаштагы ишкер Дильшод Турахожаев 20 жыл Орусияда жашаган жана бул өлкөнүн жараны. Ал 2019-жылы Өзбекстанга кайтып барып, 25 миллиард сумга Aparat Hotel Kosmos аттуу мейманкага жана эс алуу жайын курган.

2020-жылы Наманган облусуна барган Шавкат Мирзиёев ишкердин туристтик объект куруу аракетин колдогон. 2022-жылы августта Турахожаев туристтик тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Туризм фидойиси" төш белгиси менен сыйланган.

Быйыл 14-апрелде Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Наманган облусундагы ири ишкерден 2 миллион доллар уурдоо максатында каракчылыкка даярдык көрүп жаткан "кылмыштуу топ" колго түшкөнүн билдирген. Мекеменин билдирүүсүндө ишкер Дильшод Турахожаев ал топтун мүчөсү экени жазылган.

XS
SM
MD
LG