Ссылки доступа

Казак компаниясы орус армиясынын керектөөсү үчүн товарларды жеткирген деп шектелүүдө


Казакстанда катталган Elem Group фирмасы орус армиясынын керектөөсү үчүн товарларды жеткирген деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Свобода радиосу" кабарлады.

Радионун июнь айындагы иликтөөсүндө Украинада согуш башталгандан кийин Орусиянын Streloi E-Kommerts компаниясы Казакстанда жайгашкан Elem Group аттуу туунду фирмасынан санкциялык тизмедеги товарлардын жүздөгөн партиясын алганы жазылган.

"Кремль акырындык менен Орусияны аскердик мезгилдин экономикасына айлантууда. Бирок Путиндин аскердик машинасы ички өндүрүш менен гана чектелип калбайт. Биздин санкциялар үчүнчү өлкөлөрдөн товар жеткирип, Орусияны аскердик-өнөр жай базасы үчүн зарыл болгон компоненттер менен жабдып жаткандар үчүн басымды күчөтүүдө", – деди АКШнын каржы министри Жанет Йеллен.

Elem Group Алматыда 2022-жылы 14-мартта катталган. Компаниянын сайтында алар өнөр жай жабдууларынын долбоордук логистикасы менен алектене тургандыктары жазылган.

Буга чейин "КазТАГ" агенттиги казакстандык "Аспан Арба" компаниясы Орусияга дрондорду жеткирип жатканын кабарлаган. Мындан тышкары Украина Казакстандын Limited Liability Partnership "ITS – Astana" жана "Тыныс" аттуу эки компаниясын санкциялык тизмеге киргизген.

XS
SM
MD
LG