Ссылки доступа

Садыр Жапаров басма сөз жыйынын эмнеге өткөрбөй жатканын айтты


Президент Садыр Жапаров эки жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттарына эмне үчүн жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынын өткөрбөй калганы тууралуу комментарий берди.

"Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген чакан маегинде президенттик мөөнөтүндөгү биринчи жылы "мурдагы мамлекет башчыларындай эле маалымат жыйын өткөргөнүн, үч саат бою такталбаган маалыматтарды териштирип атып өзүнүн да, журналисттердин да убактысы текке кеткенин" айткан.

"Негизи эле курултайдан өткөн маалымат жыйын барбы? Келиңиз мунун чын-бышыгын ортого салып, салмактап көрөлү. Маселен, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү көбүнесе интрига жаратуучу суроолорду берүүгө ыкташат экен. Албетте, мен бул жерде бардык журналисттер деп айтуудан алысмын. Өз ишин билген мыкты журналисттерибиз да бар. Бирок маалымат жыйынга келгенде эле бир топ ЖМК өкүлдөрү жалаң тар чөйрөнү гана кызыктырган суроолорду беришет. Ал эми өлкөнүн келечеги, мамлекеттин өнүгүшү, экономиканын өсүшү, элеттеги көйгөйлөр тууралуу суроолор жокко эсе. Ошентип, маалымат жыйынынын басымдуу бөлүгү такталбай айтылган сөздөрдү териштирүү менен өтөт экен".

Президент курултай Конституцияда белгиленгенин, жыл сайын шайланып келген делегаттарга маалымат бериши керек экенин билдирди.

15-16-декабрь күндөрү Бишкекте экинчи Элдик курултай өтүп, ага 700гө чукул делегат катышты. Сөз сүйлөгөндөрдүн көбү сугат суунун жетишсиздиги, ирригация, экологиялык көйгөйлөр, жерлерди трансформациялоо, жол салуу сыяктуу маселелерди көтөрүштү. Курултайдын аягында президент аларга эки сааттай жооп берди.

Садыр Жапаров 2022-жылы да жергиликтүү жана чет элдик журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөргөн эмес.

Адатта Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө президенттер жылдын аягында журналисттерге басма сөз жыйынын уюштуруп суроолорго жооп берет.

Садыр Жапаров 2020-жылдын 5-6-октябрындагы нааразылыктар учурунда абактан чыгып, алгач премьер-министрликке бекиген. Кийин президенттик милдетти да кошо аркалап, шайлоого байланыштуу аны кайра өткөрүп берген.

2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоодо дээрлик 80% добуш менен утуп чыккан. 28-январда инаугурациясы өтүп, расмий ишке киришкен.

XS
SM
MD
LG