Ссылки доступа

Өзбекстандын мурдагы айыл чарба министри Азиз Воитов камакка алынды


Өзбекстандын мурдагы айыл чарба министри Азиз Воитов тергөө абагына камалды. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун басма сөз катчысы Азиз Абидов билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Ташкенттин Яшнабад райондук соту 14-декабрда кабыл алды.

Буга чейин башкы прокурордун орун басары "Ири өлчөмдө акча кымыруу" жана "Кызмат абалын кыянат пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирүү" беренелери боюнча айыпталып жаткан экс-министрдин бөгөт чарасын карап берүү өтүнүчү менен аталган сотко кайрылган.

"Газета.уз" басылмасынын маалыматына караганда, октябрдын аягында Азиз Воитов кызматтан алынгандан кийин Эсеп палатасы Айыл чарба министрлигинде текшерүү жүргүзө баштаган.

Воитов Өзбекстандын Айыл чарба министрлигин 2022-жылдын августунан 2023-жылдын октябрына чейин жетектеген. Ага чейин инвестициялар жана тышкы соода министринин орун басары кызматында иштеген.

XS
SM
MD
LG