Черевченко менен бирге анын жардамчысы Юрий Батуренко жана дарбазачылардын машыктыруучусу Дмитрий Тяпушкин да кызматтарын тапшырып кетишти. Булардын да клуб менен түзгөн келишимдеринин мөөнөтү аяктады.
Черевченко "Истиклол" командасынын башкы машыктыруучусу болуп быйыл январда дайындалган. Анда ал клуб АФКнын Чемпиондор лигасында беттештерди өткөрөрүн айтып, бул лигада ойноп көрүү ал үчүн кызык экенин билдирген.
"Истиклол" быйыл 49 жаштагы бул адистин жетекчилиги алдында Тажикстандын чемпиону болуп, өлкө кубогун утуп алды.
Бирок АФКнын Чемпиондор лигасында Сауд Арабиянын "Аль-Наср", Ирандын "Персеполис" жана Катардын "Аль-Духайл" командалары менен "Е" тайпасында ойлоп, мелдештин кийинки баскычына өтө алган жок.