Ссылки доступа

WSJ: Пригожиндин козголоңу маалында Орусия Казакстанга жардам сурап кайрылган


"Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин өлүмүн Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев уюштурган. Бул тууралуу америкалык The Wall Street Journal (WSJ) гезити Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтарындагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Басылма белгилегендей, Пригожиндин козголоңу маалында Орусия Казакстанга аскердик жардам сурап кайрылган, бирок казак президенти Касым-Жомарт Токаев баш тартып койгон. Жыйынтыгында Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун ортомчулугу менен козголоң токтогон. Ортодогу сүйлөшүүлөргө ылайык, "Вагнердин" жалданмачылары Беларустун аймагына чыгып кетмей болгон. Өз кезегинде Путин козголоңго катышкандарды жазалабай турганын убадалаган.

Маалыматка караганда, Патрушев Пригожиндин таасири күчөп баратканы тууралуу президент Владимир Путинге андан бир нече ай мурда эле эскерте баштаган. Бирок Путин анын айткандарына кулак салган эмес, себеби Пригожиндин жалданма жоочулары Украинадагы согушта ийгиликке жетишип жаткан.

Кырдаал 2022-жылы октябрда Пригожин Путинге чалып, курал-жарак жетишпей, жоготуу көп болуп жатканын айткандан кийин өзгөргөн. Ошол учурда Путиндин жанында Патрушев да отурган. Ал Пригожиндин ишке ашпай калган козголоңунан кийин андан биротоло кутулууга мезгил келгенин айтып, бул ишти жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган.

Кремль Пригожиндин өлүмүнө тиешеси жок экенин айтып келет. WSJ жарыялаган макаладан кийин Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай материалдарды комментарийлөө да мүмкүн эмес экенин айтып, басылманы көчө деңгээлине түштү деп айыптады.

Пригожин быйыл июндун аягында "куралдуу козголоң" баштап, анысы эки күнгө жетпей аяктаган.

23-августта ал "Вагнердин" командирлеринин бири Дмитрий Уткин менен бирге Тверь облусунда учак кулаганда каза болгон.

18-июнда Пригожин 32 миң жалданмачы Украинадан үйүнө кайтканын, согушта 20 миңдей жалданмачысы өлгөнүн, анын тең жарымы абактан баргандар экенин айткан.

Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда "Вагнер" Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү. "Азаттык" урушта кеминде ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун тактаган.

XS
SM
MD
LG