Ссылки доступа

Алматыда жол тоскондор жазаланды


Алматыда жылуулук берүүдөгү көйгөйлөргө байланыштуу көчөлөрдүн бирин тоскон турак жай комплексинин жашоочулары жоопкерчиликке тартылды.

"Төрт жаранга карата "Полициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө" беренеси менен административдик протоколдор түзүлдү. Акциянын дагы тогуз катышуучусу Административдик кодекстин "Транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук кылуу" беренеси менен жоопкерчиликке тартылды", – деди ИИМдин Административдик полиция комитетинин төрагасы Кайсар Султанбаев.

23-декабрда "Арт Медиа корпорациясы" курган Алматыдагы River Park турак жай комплексинин жашоочулары батирлери муздак болуп жатканына нааразылык билдирип, Макатаев атындагы көчөгө чыгышкан.

Алардын айтымында, куруучу компания турак жай комплексинин эки үйүнө ылайыкташкан жылууулук берүү пунктуна дагы эки үйдү кошуп койгон. Мындан улам батирлер суук болуп, айрым тургундар туугандарыныкына барып жашоого аргасыз болушкан.

Быйыл кыштын келиши менен Казакстандын түрдүү аймактарындагы жашоочулар турак үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылуудагы көйгөйлөргө даттанууда. Айрым шаарларда бул инфраструктурасы эскирип калган Жылуулук электр борборлорундагы аварияларга байланыштуу болууда.

XS
SM
MD
LG