Тажикстандын каржы министри Файзиддин Каххорзода жеңилдетилген насыя 25 жылга, жылдык үстөгү 1,5% менен берилерин белгиледи.
Аткаминердин айтымында, бул каражатка Согд, Хатлон облустарында жана республикалык баш ийүүдөгү райондордо 19 мектеп жана 2 административдик имарат курулат.
Объектилердин курулушу 2028-жылга чейин бүтөрү күтүлүүдө.
Тажикстан жашоочулары өлкө аймактарында мектептердин жетишсиздигине бир нече жолу арызданышкан. Алыскы айылдардагы көптөгөн балдар күн сайын бир нече чакырым жол басып, жакынкы мектептерге барууга аргасыз.