Ссылки доступа

Кыргыз-тажик чек арасынын эки тарабындагы машиналар бошотулду


Кыргызстан менен Тажикстандын аймактарында кармалып турган жүк ташыган машиналар алмашуу жолу менен бошотулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Ага ылайык, алмашуу жөнүндө президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода 25-декабрдагы жолугушуусунда макулдашкан.

Натыйжада Тажикстанга Кыргызстан төрт, ал эми Кыргызстанга коңшу өлкө беш жүк ташуучу машина өткөрүп берди. Чектеш айылдардын тургундарына таандык бул автоунаалар былтыркы куралдуу жаңжал учурунда түрдүү себептер менен калып калган.

Баткен облустук администрациясынын маалыматына ылайык, эки өлкөнүн аймагында кармалып турган унааларды кайтаруу тапшырмасы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык ишке ашырылды.

Тараптар быйыл чек ара аймактарында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулап, келерки жылга иш пландарды кабыл алышты. Анда чек арада коомдук коопсуздукту сактоо, мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюу, чыр-чатактарга жол бербөө боюнча биргелешип иштөө макулдашылган.

Тараптардын жолугушуусуна эки облустун чектеш район-шаарларынын, күч түзүмдөрдүн жетекчилери да катышты.

Маалыматка ылайык, Баткен жана Согд облусунун жетекчилиги буга чейин аймакта тынчтыкты орнотуу, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында байма-бай жолугушуп турууну макулдашкан. Чек ара аймактарында болгон айрым окуяларды убагында жана жеринде чечип келишти. Анын натыйжасында чек ара аймактарында олуттуу окуялар катталган жок. Коомдук коопсуздук күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болду.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов 12-декабрда Баткен шаарында жолугушуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашкан. Анын соңунда Ташиев менен Ятимов атайын билдирүү жасап, кыргыз-тажик чек арасынын 90% макулдашканын билдиришкен. Ташиев анын ичинде Баткендеги "Кайрагач айылынан баштап Кулунду, Максат, Арка, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жер, Жийделикке чейинки айылдардын тушундагы такталбаган тилкелер макулдашылганын" ырастаган.

Президент Садыр Жапаров 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын айткан.

XS
SM
MD
LG