Маалыматка караганда, "Самрук-Казынанын, "Фирма ОРГРЭСтин" жана "Интер РАО – Экспорттун" жетекчилери Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Санкт-Петербургга жасаган сапарынын жүрүшүндө жолугушту.
Анда Көкшетау, Семей жана Өскемен шаарларына Жылуулук электр борборлорун (ЖЭБ) куруудан тышкары орус жабдууларын колдонуу менен Экибастуз ЖЭБинин №3 жана №4 энергоблокторун куруу боюнча да келишимге кол коюлду.
Быйыл ноябрда Казакстан менен Орусиянын президенттери Астанада жолукканда Өскемен, Семей жана Көкшетау ЖЭБдерин куруу менен орусиялык компаниялар алектенери белгилүү болгон.
Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев орусиялык кесиптеши менен тиешелүү меморандумга кол койгондон кийин журналисттерге курула турган ЖЭБдер көмүр менен иштей турганын билдирген. Анын айтымында, Орусия Казакстандын күлү көп көмүрүн өтө жакшы билет жана аны колдонуу боюнча "өзгөчө" тажрыйбага ээ.
Өз кезегинде министрдин бул билдирүүсү экологдордун нааразылыгын жараткан.
"Көмүр ЖЭБдерин куруу чечими – жашыл энергетикага өтүү боюнча мамлекеттик саясаттан көмүр лоббиси үстөмдүк кылып кеткенин көрсөтүүдө. Дүйнөдө абага бөлүнүп чыккан көмүртекти азайтууга аракет кылып жатышса, Казакстанда ички керектөө азайган жок – жарандарды көмүрдүн арзандыгы кызыктырууда", – деп жазылган экологдордун билдирүүсүндө.
Башкы инвестору "Роснефтегаз" эсептелген "Интер РАО" компаниясы Беларуска, Литвага, Украинага, Грузияга, Азербайжанга, Казакстанга, Кытайга жана Монголияга энергия жеткирет. 2019-жылга чейин ал Казакстандагы "Экибастуз ЖЭБ-2" ишканасына ээлик кылган.