Ссылки доступа

"Казакмыс": Жыланды шахтасында бир жумушчу мерт болду


"Казакмыс" улуттук компаниясы Улытау облусундагы Жыланды шахтасында машинист каза болгонун билдирди.

Жумушчу 26-декабрь күнү кечинде мерт болгон.

"Саат 18:30да "Чыгыш Сары-Оба" шахтасынын тилкелеринин биринде жер астындагы өзү жүрүүчү машинаны жумуш ордуна алып бара жаткан айдоочу 1992-жылы туулган машинистти байкабай сүзүп алган. Жумушчу алган жаракатынан улам көз жумду", — деп айтылат компаниянын маалыматында.

Учурда атайын түзүлгөн комиссия окуянын чоо-жайын жана себептерин тактап жатканы кабарланууда.

27-ноябрда Жамбыл облусунда "Казакмыс" компаниясына караштуу Жайсаң шахтасында да эки кенчи каза болгон.

5-ноябрда Чыгыш Жезказган шахтасында тоо тектеринин урашынан 39 жаштагы кенчи каза болгону кабарланган. 22-ноябрда ушул эле шахтада машинистка конвейердин астында калып мерт болгон.

XS
SM
MD
LG