Издөө иштери 2023-жылдын 27-декабрында Чыгыш Казакстан облусунун ички иштер бөлүмүндө катталган.
Буга чейин Смаиловага алдамчылык шеги менен кылмыш иши козголгону кабарланган.
Күзүндө Дина Смаилова Грузияга киргизилбей жатканы белгилүү болгон. Ал үй-бүлөсү менен эки жылдан бери ошол жакта жашап жаткан.
Смаилова азыр Европа мамлекеттеринин биринде. Ал укук коргоо уюмдарына кат жолдоп, саясий башпаанек берүү боюнча чечимди күтүп жатат.
Дина Смаилова – аялдардын, анын ичинде зордук-зомбулукка кабылгандардын укуктарын коргогон #NeMolchi.kz фондунун жетекчиси. Бул жылы фондду Грузияда расмий каттоодон өткөрүп, салык органдарынан гана эмес, өлкө бийлигинен да уруксат алган.