Ссылки доступа

УКМК Жалал-Абадда теракт жасоого шек саналып эки адам кармалганын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 25-декабрда Жалал-Абад шаарында “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасан” эл аралык террористтик уюмунун 16 жаштагы эки мүчөсү кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, шектүүлөр Интернеттен террористтик уюмга кошулуп, “Ислам мамлекети – Вилаят Хорасандын” эмиссарларынын көрсөтмөсү менен Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтындагы башкы балатынын жанына колго жасалган жардыруучу түзүлүштү орнотууну пландашкан. Андан тышкары Жалал-Абаддагы чиркөөгө террордук чабуулду жана куралдуу кол салууну уюштурууну көздөп жатышканы маалымдалды.

Шектүүлөрдүн уюлдук телефондорун текшерүүдө теракт даярдоого камынганы боюнча далилдер, террористтик уюмдун эмиссарлары менен кат алышуулары жана колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча нускамалар табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Террордук акт” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №53 жашы жетпегендер үчүн тергөө абагына киргизилди. Алардын Кыргызстандын аймагындагы кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG