Ссылки доступа

Өзбекстанда бийликти сындаган блогердин өкүмү өзгөрүүсүз калды


Фергана облустук сотунун апелляциялык комиссиясы сегиз жылга эркинен ажыратылган блогер Олимжон Хайдаровдун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын жакындарынын бири билдирди.

1-декабрда Фергана райондук соту блогер Олимжон Хайдаровду "Ири өлчөмдө опузалап акча талап кылуу", "Жалаа жабуу" жана "Бийлик өкүлүн кемсинтүү" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Сот мындан тышкары социалдык түйүндөрдөгү блогерге таандык бардык каналдарды, баракчаларды жана тайпаларды жабуу жөнүндө токтом чыгарган.

Белгилүү блогер Олимжон Хайдаров быйыл 29-июлда кармалган. Фергана облустук ички иштер башкармалыгы ал "Коканд Истиклол" соода комплекси тууралуу даярдаган сын макаласын жарыялабоо үчүн анын жетекчилигинен 10 миң доллар талап кылууга шектелип жатканын маалымдаган.

Хайдаров социалдык тармактардагы кайрылуусунда өзүн "саясий туткун" деп атап, камакка алынышы түздөн-түз кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин билдирген. Блогер ири коррупциялык схемалардын бетин ачканын айтып келет.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму блогердин соттолушун айыптаган.

Олимжон Хайдаров – Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери эң узак мөөнөткө эркинен ажыратылган блогер.

XS
SM
MD
LG