Ссылки доступа

Тажикстанда оппозиция мүчөсүнүн бир тууганынын иши сотко өттү


Тажик оппозициясынын активдүү мүчөсү Шавкат Мухаммаддын бир тууганы Аслиддин Шариповго каршы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу "Озоди" радиосу тергөө иштери менен жакындан тааныш булагына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, кылмыш иши Согд облусундагы Ашт райондук сотуна өттү.

"Бирок сот отурумдары Хоженттеги убактылуу кармоочу жайдын имаратында өтмөй болду. Алгачкы отурум 26-декабрга дайындалган. Бирок прокурордун келбегенине байланыштуу кийинкиге жылды", – деди булак.

2016-жылдан бери Орусияда жашап жүргөн Шарипов 2022-жылы сентябрда Душанбенин өтүнүчү менен кармалып, быйыл 1-октябрда Тажикстандын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген. Анын кайсыл жерде жана кандай шарттарда кармалып турганы жөнүндө эки ай бою эч кандай маалымат болгон эмес. Кийин жакындары ал Хоженттеги убактылуу кармоочу жайлардын биринде экенин билдиришкен.

Тажикстандын бийлиги Шариповдун кармалышы боюнча бүгүнкү күнгө чейин комментарий бере элек. Ал Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылы жана "Ислам кайра жаралуу" партиясы менен кызматташууга айыпталууда. Эгер бул айыптар боюнча күнөөлүү деп табылса, ал беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Нижний Тагил шаарындагы Тагилстроев райондук прокуратурасынын билдирүүсүндө Аслиддин Шарифов 2021-жылдан бери федералдык издөөдө жүргөнү жазылган. Ага ылайык, Тажикстандын жараны "Фейсбуктагы" баракчасына "Группа 24" менен "Ислам кайра жаралуу" партиясын жактаган билдирүүлөрдү жазып келген. Орусиянын Жогорку соту былтыр сентябрда "Ислам кайра жаралуу" партиясын террористтик уюм деп таап, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

Укук коргоо уюмдары Шариповдун кармалышын анын бир тууганы Шавкат Мухаммаддын ишмердүүлүгүнө байланыштырып келишет. Мухаммад Тажикстанда тыюу салынган жана чет өлкөдө иш алып барган "Паём" ТВнын редактору болуп иштейт. Бул оппозициялык телеканалды "Тажикстандын Ислам кайра жаралуу" партиясы негиздеген.

Аслиддин Шарипов 36 жашта, анын үч баласы бар.

XS
SM
MD
LG