Ссылки доступа

Өзбекстанда UzAuto'нун унааларын онлайн сатып алуу үзгүлтүккө учурады


2019-жылга чейин General Motors Uzbekistan деп аталган UzAuto Motors компаниясынын автоунаалары
2019-жылга чейин General Motors Uzbekistan деп аталган UzAuto Motors компаниясынын автоунаалары

Өзбекстандын автоунаа өндүрүү тармагында монополист эсептелген UzAuto Motors компаниясы 25-декабрда унаа сатып алуу боюнча онлайн-келишимдерди түзүү кызматы ишке киргенин билдирген.

Маалыматка ылайык, онлайн-келишимдерди түзүү эки күнгө созулуп, жыйынтыгында 170 миң автоунаа сатылган.

Бирок ата мекендик унааларды арзаныраак сатып алууну каалаган миңдеген жарандар эки күн компьютер менен телефондун алдында отуруп, бирок онлайн-келишим түзө албай коюшканын билдирүүдө. Алардын айтымында, 25-26-декабрь күндөрү UzAvtoSavdo тиркемесине кире алышкан эмес.

Өзбекстандык белгилүү автоблогер Бектош Абдикундузов онлайн-келишим түзүү үчүн алты уюлдун телефонду колдонуп көргөнүн билдирди.

"Айрымдар бир нече телефонду колдонуу менен келишим түзсө болорун айтышкан. Мен алты телефон менен кирүүгө аракет кылып, бирок келишим түзө алган жокмун. Каттоодон өткөндөн кийин эле "серверде ката кетти" деген жазуу пайда болуп жатты", – деди автоблогер.

UzAuto Motors жарандардын нааразылыгынан кийин UzAvtoSavdo платформасында техникалык мүчүлүштүктөр болгонун билдирди.

"UzAutoSavdo онлайн-сатуу системасына 17 киберчабуул жасалды. Жалпысынан бул аралыкта системада 66,6 миңден ашык активдүү сессия катталды. Бир канча убакыттан кийин адистер бул мүчүлүштүктөрдү жоюшту", – деп жазылган компаниянын билдирүүсүндө.

UzAuto Motors эки күндүн ичинде 2024-жылы чыга турган Chevrolet Cobalt, Damas жана Labo үлгүсүндөгү автоунааларды сатуу боюнча келишимдерди түзүүнү аяктады.

Бирок көптөгөн интернет колдонуучулар монополист-компанияны "элди алдоого" айыптап жатышат.

"UzAuto Motors авторизация мүмкүнчүлүгүн атайылап өчүрүп, миллиондогон адамды алдап кетти", – деп жазды колдонуучулардын бири.

"Эмнеге элди алдашат? Онлайн-келишим түзгөндөрдүн баары дилерлер болуп чыкты. Алар атайын коддорду алып келишим түзүшкөн. Элди алдап, шылдың кылган бул компанияга тиешелүү чаралар көрүлбөй калабы?", – деп жазды экинчи колдонуучу.

"Бизде мурунку жолу келишим түзө алган адамдардын аты-жөнү жана канчадан автоунаа алганы боюнча маалыматтар бар. Ал чоң оюн болгон. Бул жолкусу эмне менен аяктай турганын көрөлү. Кезектеги чоң "спектакль" болбосо болду", – деп жазды өзбек парламентинин экс-депутаты Расул Кушербаев.

Айрым өзбекстандыктар эмнеге өлкөдөгү эң ири компания жеке киберкоопсуздугун камсыз кыла албаганына кызыгышты.

Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө экспорттогон автоунаалардын дээрлик баары Казакстанга сатылат. Өткөн жылы казакстандыктар өзбек өндүрүшүндөгү 26 970 унаа сатып алышкан. Бул Өзбекстан экспорттогон жалпы автоунаалардын 96% түзөт.

UzAuto Motors былтыр санкциялык режимди сактоо үчүн Орусияга автоунаа сатууну токтоткон. Буга унааларда батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы санкцияларна кошулган Түштүк Кореяда өндүрүлгөн жарым өткөргүчтөр менен микросхемалар бар экени себеп болгон.

Компаниянын Анжиян жана Хорезм облустарындагы заводдорунда жылына 300 миңге жакын автоунаа өндүрүлөт.

Буга чейин Өзбекстандын Монополияга каршы күрөшүү комитети UzAuto Motors унаа бааларын негизсиз жогорулатканын билдирип, аны төмөндөтүүнү талап кылган. Компания комитетти сотко берип утуп алган. Кийинчерээк UzAuto Motors автоунаа бааларын дагы 20% жогорулаткан.

Былтыркыга салыштырмалуу 2023-жылдын тогуз айында UzAuto Motors'тун кирешеси 26,5 триллион сумдан (2,1 миллиард доллардан ашык) 38,1 триллион сумга (3 миллиард доллар) чейин көбөйгөн. Таза киреше 1,84 триллион сумдан (1,4 миллиард доллар) 1,93 триллион сумга (1,5 миллиард доллардан ашык) жеткен.

XS
SM
MD
LG