Маалыматка караганда, сот отурумдары тергөө абагынын имаратында жабык өтүүдө. 2-январда уланган отурумга адвокаттардан башка эч ким киргизилген жок.
Жогорку сот бул иш боюнча өтүп жаткан соттук угуулар тууралуу эч кандай комментарий берген жок. Буга чейин "Азия-Плюс" агенттиги өз булактарына таянып, кылмыш ишине "жашыруун" гриф коюлганын жазган.
Иштин материалдары былтыр 24-ноябрда сотко өткөн.
Белгилүү банкирдин барымтага алынышы жана өлтүрүлүшү Тажикстанда эң чуулгандуу кылмыштардын бири болуп калды. Былтыр 23-июнда кылмыштуу топ банкир Шухрат Исматуллоевди уурдап кетип, аны өлгүчө кыйнап, андан соң сууга ыргытып жиберген. Анын сөөгү дээрлик эки айдан кийин Зарафшон дарыясынан табылган.