Ссылки доступа

Казакстанда иш таштаган мунайчылар бийликке кайрылды


Казакстандын Маңгыстау облусундагы West Oil мунай компаниясынын 21 күндөн бери нааразылык акциясын улантып жаткан жумушчулары бийликке кезектеги кайрылуусун жолдоду. Алар бийлик Астанага жөнөтүлгөн өкүлдөрү менен жолугууну каалабай жатканын билдиришти.

"Бизде сөз жок. Бизди соттошту, жети кишини иштен алышты, биз тууралуу ар кандай кептерди таратышты. Жамаатыбыздын атынан Астанага өкүлдөрүбүздү жөнөткөнбүз. Бирок өкмөт алар менен жолугууну каалаган жок. Алихан Смаилов, сизге кайрылабыз, "Жаңы Казакстан", бизди уккан мамлекет кана? Депутаттар кайда же алар олигархтардын куурчактарыбы? Биздин талабыбыз - мамлекеттин келечеги. Адилеттүү чечим кабыл алынмайынча, иш таштоону токтотпойбуз", - деп билдиришти мунайчылар.

West Oil компаниясынын жумушчулары иш таштоону 11-декабрда баштаган. Алар ишкананы "КазМунайГаз" компаниясынын курамына киргизүүнү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөөнү жана жумуштагы техниканы жаңылоону талап кылып жатышат.

Казакстандын Энергетика министрлиги менен "КазМунайГаз" компаниясы мунайчылардын талаптарын негизсиз жана аткарылышы мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдиришкен. Жумушчулар талаптарды аткаруу үчүн бийликке саясий эрк гана керек болуп жатканын айтышкан.

Сот мунайчылардын акциясын мыйзамсыз деп тапкан. Жумушчулар эмгек шартын жакшыртуу талабын ачык айтып чыгууга укуктуу экенин, акцияны тынч жана мыйзам бузбастан өткөрүп жатканын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG