Казакстанда туруктуу жана убактылуу жашоого уруксат алууда, Казакстандын визасын, башпаанек, качкындын күбөлүгүн алуу үчүн бармак изин бериши керек. Бармак изин каттоодон өткөрүүдө чет өлкөлүктүн же жарандыгы жок адамдын тек-жайын ырастаган документи болушу зарыл. Мындай каттоо миграция кызматынын бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.
Бармак изин милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүүдөн баш тарткандар Казакстандан чыгарылат. Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарын Казакстандын мыйзамдарын сактоону сунуштады.
Кыргызстандын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги Казакстанда 30 миңдей кыргызстандык жашап, иштеп жатканын билдирген.