Казакстан президентинин айтымында, "көп жылдардан бери чечилбеген социалдык-экономикалык көйгөйлөр жана жалпы стагнация" Январь окуясына алып келген.
Токаевдин ырасташынча, жогорку даражалуу аткаминерлердин тобу күч түзүмдөрүнө жана кылмышкерлерге эбегейсиз таасирин тийгизип турган, ошондуктан бийликти күч менен басып алууну уюштуруу жолу тандалган.
"Төңкөрүш аракетине экстремисттер, криминалдар жана диний радикалдар биргелешип катышкан", - деген Токаев.
Токаев Январь окуясы учурунда Казакстан Орусияга эмес, ЖККУга жардам сурап кайрылганына ынандырууга аракет жасады.
Токаев Январь окуясы кутум жана төңкөрүш эмес, элдик көтөрүлүш мүнөзүнө ээ болгон деген аргумент "кылмыштуу аракеттерди актоо, чыныгы бандиттерди даңазалоо" деп эсептейт.
2022-жылдын башында Казакстанда социалдык талаптарды койгон тынч митингдер өлкө аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, кеминде 238 киши каза болгон.