Ссылки доступа

Казакстанда кафенин имараты урап, эки киши мерт болду


Казакстандын Орол шаарындагы кафелердин биринин имараты ураган жерден эки кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Батыш Казакстан облустук өзгөчө кырдаалдар департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

"Урандылардын алдынан денеси күйүп калган эки кишинин сөөгү жана сыйымдуулугу 50 литрди түзгөн газ баллону табылды. Учурда маркумдардын тек-жайы аныкталууда. Мындан тышкары куткаруучулар урандылардын алдынан алты кишини алып чыгышты. Алардын бешөө ооруканага жеткирилди", – деди департаменттин башчысы Елнур Утегенов.

4-январга караган түнү шаардагы Rizyq кафесинин эки кабаттуу имараты урап, ал жерде өрт тутанган. Буга газ менен абанын аралашмасынын жарылуусу себеп болгону айтылууда. Маалыматка ылайык, жарылуудан улам имараттын дубалдары жана шыбы ураган.

Куткаруучулар урандылардын алдында дагы адамдар болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG