Ссылки доступа

"Талибан" Ооганстандагы теракттар үчүн тажик жарандарын айыптады


"Талибан" кыймылы түзгөн өкмөттүн коргоо министри Мохаммад Якуб Мужахид акыркы эки жылдын ичинде Ооганстандын аймагында болгон террордук актылар үчүн Тажикстан менен Пакистандын жарандарын айыптады.

"Коомдук жайлардагы жана мечиттердеги бардык террордук актыларды ишке ашырууга чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Тажикстан менен Пакистандын жарандары тартылган. Күч түзүмдөрүнүн жооптук аракеттеринин жыйынтыгында Тажикстандын ондогон жараны кармалып, бир канчасы өлтүрүлгөн. Пакистандын жүздөгөн жараны кармалып, 20дан ашыгы жок кылынган", – деди Мужахид.

Ошол эле маалда ал бул сөздөрүнө кандайдыр бир далилдерди келтирген жок.

Исламабад менен Кабулдун ортосундагы чыңалуу Пакистан бийлигинин соңку билдирүүсүнөн кийин курчуду. Расмий Исламабад Ооганстан Пакистандын аймагында террордук операцияларды ишке ашырган топторго баш паанек берип жатканын айткан.

Мындан тышкары жакында эле Пакистандын бийлиги өлкөдөн 1,7 миллион "документсиз чет элдиктерди", негизинен оогандарды чыгарып салган.

Тажикстан менен Кабулдун жаңы башкаруучуларынын дипломаттык катышы жок. Тажик президенти Эмомали Рахмон баштаган бир катар жетекчилер "Талибан" кыймылын көп жолу сындаган.

"Талибан" кыймылы 2021-жылдын августунда Кабулда бийликти басып алган. Эки жылдан бери бир да мамлекет Ооганстандын жаңы бийлигин расмий тааный элек.

XS
SM
MD
LG