Москва Украинадагы согушка тартылган 248 аскери, ал эми расмий Киев 230 киши мекенине кайтарылганын, анын ичинде алты адам жөнөкөй тургундар экенин билдирди.
Орусия Украинага өткөрүп берген туткундардын арасында 2022-жылы Мариупол шаарын коргоого катышкан аскерлер да бар экени кабарланды.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, туткундар Бириккен Араб Эмираттарынын ортомчулугу менен алмашылды. Москва менен Киев туткундарды акыркы жолу 2023-жылы 7-августта алмашкан.
Киевдин маалыматына ылайык, 2023-жылдын ноябрына карата Орусиянын туткунунда 4 337 адам болгон - 3 574 аскер жана 763 жай тургун. Донецк облусунун Орусия аннексиялап алган аймагынын "жетекчиси" Денис Пушилин былтыр октябрда Украина орусиялык 500дөй аскерди туткунда кармап жатканын билдирген.