Ссылки доступа

Германиянын Конституциялык соту Усмановдун яхтадагы тинтүүгө каршы арызын кабыл алган жок


Германиянын Федералдык конституциялык соту өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун яхтасындагы тинтүүгө каршы жазган доо арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу "Коммерсант" басылмасы жазды.

"Федералдык конституциялык сот яхтасындагы тинтүүгө арызданган Өзбекстандын жана Орусиянын жараны Алишер Усмановдун конституциялык даттануусун кабыл алган жок. Сот анын арызын кароого формалдуу негиздер жетишсиз деп тапты", – деп жазылган соттун чечиминде.

Өзбекстандын кызыкчылыктарын коргогон Gauweiler & Sauter адвокаттык кеңсеси соттун чечимин сыйлай турганын, бирок "ага өкүнүп жатканын" билдирди.

"Федералдык конституциялык сот конституциялык даттанууну процедуралык себептер менен гана четке какты. Ошол эле маалда сот мамлекеттин саясий чечимдери үчүн жоопкерчиликти жүктөөгө мүмкүн болбогон адамды ЕБдин санкциялык тизмесине киргизүүнүн негизги укуктарга каршы келээр-келбеси боюнча так жооп берген жок", – деп жазылган юристтердин билдирүүсүндө.

2023-жылы августта Алишер Усманов Бремен портундагы Dilbar яхтасынын тинтүүгө алынганын "жеке укуктардын бузулушу" деп эсептей турганын билдирип, Германиянын Федералдык конституциялык сотуна кайрылганы белгилүү болгон.

Яхта "акча адалдоо" боюнча Усмановго карата башталган тергөө иштеринин алкагында тинтүүгө алынганы кабарланган.

Орусия Украинага кол салгандан кийин "Путинге жакын адамдардын бири" катары Алишер Усманов батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмесине киргизилген. Акыркы жолу 2023-жылдын апрелинде АКШнын Каршы министрлиги менен Улуу Британиянын өкмөтү Усмановдун USM холдингине санкция салган. Анда бул холдинг түптөгөн "Ахангаранцемент" жана Akkermann Cement CA ишканалары да санкциялык тизмеге кошулган.

Алишер Усманов Италиянын Corriere della Sera гезитине берген маегинде "Путиндин жакын адамдарынын бири экенин" четке каккан.

Forbes журналынын маалыматына ылайык, Усманов Орусиянын эң бай адамдарынын бири болуп эсептелет. Басылма анын байлыгын 14,5 миллиард долларга баалаган.

"Проект" долбоорунун журналисттик иликтөөсүндө Алишер Усманов орус армиясын каржылоого ачык катышып жаткан 81 олигархтын бири катары көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG