Ссылки доступа

Тажикстан: Абакта "Ислам кайра жаралуу партиясынын" активисти каза болду


Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" активисти Ражабали Комилов 4-январь күнү кечинде Вахдат шаарындагы абакта каза болду. Азырынча анын өлүмүнүн расмий себеби айтыла элек.

Маркумдун бир тууган иниси, Европадагы тажик оппозициясынын өкүлдөрүнүн бири Жаннатулло Комил агасы дээрлик шал болуп калганын билдирди.

"Денесинин бир бөлүгү таптакыр кыймылдабай, араңдан зорго сүйлөп калган. Анын мындай оорусуна эмне себеп болгонун азыркыга чейин билбейбиз", – деди ал.

Комилдин айтымында, агасы 2018-жылдан бери жаза мөөнөтүн Душанбедеги абакта өтөп жаткан. Эки ай мурда саламаттыгы начарлап кеткенден кийин Вахдаттагы түрмөгө которулган.

2019-жылы сентябрда Human Rights Watch уюму Ражабали Комилов "аталган партиянын мүчөсү болгону" жана "1992-1997-жылкы жарандык согуштагы ырасталбаган кылмыштар" үчүн 10 жылга эркинен ажыратылганын кабарлаган. Анда Жанатулло Комилов агасына каршы кылмыш иши аны Европадан Тажикстанга келтирүү үчүн козголгонун айткан.

2015-жылы Тажикстандын өкмөтү "Ислам кайра жаралуу партиясын" коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назаровдун ишке ашпай калган козголоңуна айыптаган. Ошол эле жылы Жогорку сот өлкө аймагында партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салган.

"Ислам кайра жаралуу партиясынын" лидерлери бул айыптоолорду четке кагып, бийликтин максаты оппозицияны Тажикстандын саясий турмушунан сүрүп чыгаруу болгонун билдиришкен. Бүгүнкү күнгө карата партиянын ондогон мүчөсү тажик түрмөлөрүндө камакта отурса, башкалары чет өлкөлөрдө баш калкалап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG