Ссылки доступа

Казакстанда пайдаланылган Boeing 737 MAX 9 учагы АКШнын директивасына кирбейт


Казакстанда Boeing 737 MAX 9 үлгүсүндөгү беш учак бар жана алардын бардыгы учууга жарактуу сертификаттарга ээ. Бул тууралуу өлкөнүн авиациялык бийлиги билдирди.

Өткөн аптада Alaska Airlines авиакомпаниясына таандык аталган үлгүдөгү учактан фюзеляждын бир бөлүгү ажырап, иллюминатору түшүп калган. Буга байланыштуу америкалык авиакомпаниянын борту Портленд аэропортуна кайтып келген. АКШнын жарандык авиация башкармалыгы (FAA) 171 даана Boeing 737 MAX 9 учагын пайдалануудан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган.

7-январда Казакстандын Транспорт министрлигинин Жарандык авиация комитети өлкөдө пайдаланылган Boeing 737 MAX 9 учактары Alaska Airlines компаниясынын учактарынан айырмалана турганын маалымдады.

"Учурда Казакстанда пайдаланылган учактардын авариялык эшиктери бар. FAAнын чечими бул учактарга тиешелүү эмес", - деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.

АКШнын директивасынын негизинде Европа өлкөлөрүндө да Boeing 737 MAX 9 учактарын пайдалануу токтотулганы жарыяланган. Европалык авиациялык коопсуздук агенттиги бул үлгүдөгү учактар Евробиримдик өлкөлөрүндө учпай турганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG