Ссылки доступа

Казакстанда иш таштаган мунайчылардын акциясы бир айдан бери уланууда


Маңгыстау облусунда West Oil Software мунай компаниясынын жумушчуларынын акциясы  29-күндөн бери уланууда. Бул тууралуу алар 8-январда бийликке жолдогон жаңы видеокайрылуусунда билдиришти.

Иш таштагандар кабарлагандай, 20га жакын инженердик-техникалык кызматкер жумушка чыкты. Калгандары дээрлик бир ай мурун башталган иш таштоону улантышууда.

Мунайчылар президент Касым-Жомарт Токаевден маселенин чечүүгө кайрадан көмөк сурашты.

Талаптары аткарылмайынча нааразылык акциясын уланта берерин айткан жумушчулар: «Иш таштаганыбызга 29 күндүн жүзү болду. Биз мыйзамдуу талаптарды коюп жатабыз. Акциябызды баштагандан бери бизге ар кандай басым, кысым жасалууда, адамдарды таратууга аракет кылып жатышат. Бул жерде тургандар террорист эмес, кылмышкер эмес, Казакстандын адилеттикти сурап жаткан катардагы жарандары», — деп айтышты.

Маңгыстау облусунун Жетыбай айылында West Oil мунай компаниясынын 500дөй жумушчусу 11-декабрда иш таштаган. Алар компанияны «КазМунайГаз» компаниясынын курамына киргизүү, маянаны ошого жараша бирдиктүү системага ылайык төлөө жана жумуштагы колдонулуучу техниканы жаңылоо деген үч талап коюшкан.

Казакстандын Энергетика министрлиги жана «КазМунайГаз» компаниясы жетибайлыктардын талаптарын негизсиз жана аткарылышы мүмкүн эмес деп эсептей турганын билдиришкен.

Жумушчулар талаптарды аткаруу үчүн бийликтен саясий эрк гана керек болуп жатканын айтышкан.

Сот мунайчылардын акциясын мыйзамсыз деп тапкан. Жумушчулар эмгек шартын жакшыртуу талабын ачык айтып чыгууга укуктуу экенин, акциясын тынч жана мыйзам бузбастан өткөрүп жатканын айтууда.

Казакстандын аймактарында жумушчулар нааразылыкка чыккан окуялар соңку жылдары көбөйдү. Негизинен алар маянаны көбөйтүү жана эмгек шартын жакшыртуу талабын коюп келишет. Айрымдарынын талабы аткарылса, кээ бирлери жумушунан бошонууга аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG