Ссылки доступа

Казакстанда аялынын өлүмүнө айыпталган мурдагы министрдин иши тергелип бүттү


Казакстандын мурдагы экономика министри, аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталган Куандык Бишимбаевдин иши тергелип бүттү. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Жанна Уразбахова билдирди.

«Учурда бул иш боюнча жүргүзүлгөн бардык экспертизалар менен таанышып чыктык. Бирок кылмыш ишинин материалдарын толук көрө элекпиз. Менин мындай иштер боюнча бир топ тажрыйбам бар, антсе да мындай таш боордукту көргөн эмесмин», — деди Уразбахова.

Адвокат ошондой эле бул иш боюнча шектүүнүн бир тууганы камакка алынганын эске салды. Ал «кылмышты жашырууга көмөктөшүүгө» айыпталууда.

44 жаштагы мурдагы экономика министри аялы Салтанат Нукенованы өлтүрүүгө айыпталууда. 31 жаштагы аял ур-токмоктон жан берген. Мурдагы аткаминер былтыр ноябрда камалган.

Куандык Бишимбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда Экономика министрлигин жетектеген. 2018-жылы ал коррупцияга айыпталып, 10 жылга камалган. Ага Кызылордо айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн бир миллиард теңгени кымырып алган деген айып тагылып, 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда бошотулган.

Анын аялынын өлүмү Казакстанды нес кылып, коомчулук бийликтен зордук-зомбулукка каршы жазаны катаалдатууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG