Ссылки доступа

Тажикстандын түштүгүндөгү жол кырсыгынан үч адам мерт болду


Тажикстандын Куляб шаарында автоунаа курулуш компаниясынын имаратын сүзүп, үч адам каза болду.

Окуя 8-январь күнү эртең менен болгон. Куляб шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Nexia үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу базардан келе жатып, "Корез" жеке курулуш компаниясы жайгашкан имараттын дубалын сүзгөн.

Жыйынтыгында айдоочу менен жүргүнчү, ошондой эле "Корез" ишканасынын кызматкери каза болгон.

Куляб аймактык ооруканасы кырсыктан жабыркагандардын бири башынан жаракат алганын билдирди. Башка маалымат берилген жок.

Кырсык болгон аймакта көп кабаттуу имараттар курулуп, бардык жол чырактары алынып салынганы, натыйжада авариялар тез-тез катталып жатканы айтылып келген.

2023-жылы 6-августта жүк ташуучу унаа жол четиндеги эки үйдү жана бир нече унааны сүзүп кеткен. Натыйжада 10 адам каза болуп, 11и жаракат алган.

XS
SM
MD
LG