Ссылки доступа

Стамбулда өзбекстандык диний ишмер Мубашшир Ахмад кармалды


Azon Global аттуу өзбек диний порталынын негиздөөчүсү, коомчулукта Мубашшир Ахмад деген ысым менен белгилүү Алишер Турсунов Түркияда кармалды. Бул тууралуу аталган портал кабарлады.

"Алгач кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болгондур деп бул жөнүндө коомчулукка кабарлаган эмеспиз. Биз Мубашшир Ахмадга тагылып жаткан айыптоолор негизсиз экени болжолдуу тергөөдө аныкталарына ишенип, аны тез эле бошотушат деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, андай болгон жок", – деп жазды Azon Global.

Түркиянын мыйзамдарына ылайык, шектүү камакта үч суткадан ашык кармалбашы керек. Эгер бул аралыкта ага тагылып жаткан айыптоолор далилденсе, иш Юстиция министрлигине өткөрүлөт. Болбосо ал бошотулушу керек. Айрым учурларда чет өлкөлүктөр депортациялык борборлорго жайгаштырылып, андан ары мекенине жөнөтүлүп же эркиндикке чыгарылат.

Азырынча Алишер Турсуновго кандай айыптар тагылып жатканы белгисиз.

"Болжолдуу тергөөнүн жүрүшүндө Мубашшир Ахмадга тагылган айыптоолор далилденген эмес. Анын депортациялык борборго которулганына бир нече күн болсо да эмнеге бошотулбай жатканы түшүнүксүз болууда", – деп жазылган порталдын билдирүүсүндө.

2023-жылы августта Өзбекстанда диний багыттагы материалдарды чыгарып келген Azon медиатобу (Azon.uz сайты, Azon FM онлайн-радиосу, Azon TV онлайн-телеканалы) күтүүсүздөн сайтын жаап, онлайн берүүлөрүн токтотуп, себебин түшүндүрбөстөн социалдык тармактардагы бардык баракчаларын өчүрүп салган.

Анда медиатоптун негиздөөчүсү Мубашшир Ахмад Фейсбуктагы баракчасына мунун себеби кийин түшүндүрүлөрүн гана жазып, чоо-жайын ачык айткан эмес.

Долбоордун күтүүсүздөн жабылышын Өзбекстандагы маалымат каражаттары жана диний ишмерлер сынга алып, медиатоп бийликтин кысымынан улам ушундай кадамга барышы мүмкүн экенин кыйытышкан.

XS
SM
MD
LG