Ссылки доступа

Мирзиёевди сындаган активисттин психиатриялык ооруканадагы мөөнөтү узартылды


Шавкат Мирзиёевге акарат келтирүүгө айыпталган жизактык активист Валижон Калоновду психиатриялык ооруканада мажбурлап дарылоо мөөнөтү дагы үч айга узартылды.

Мажбурлап дарылоо мөөнөтүн узартуу чечими Жизак облустук психиатриялык диспансеринин корутундусунун негизинде чыгарылды.

Соттун аныктамасында «текшерүү учурунда оорулуу Калоновдун психикалык абалы жакшырбаганы, келечекке пландары жок, жүрүм-туруму тартипсиз, кылган ишине өкүнбөй турганы аныкталган», деп жазылган.

Бирок Валижон Калоновдун жакындары анын ден соолугу чың экенин, психиатриялык диспансерде «ага күч менен тынчтандыруучу дары берүүгө аракет кылып жатышканын» айтышты.

Активист Валижон Калонов 2021-жылы августта Жизак облусунун Бахмал районунда Ички иштер министрлигинин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

2021-жылдын 23-декабрында Жизак шаардык соту Валижон Калоновду “президентке акарат келтирген” жана “башка коомдук коркунучтуу кылмыштарды жасаган” деп таап, эркинен ажыраткан. Өкүм психиатриялык жактан мажбурлап дарылатуу чечими менен алмаштырылган.

XS
SM
MD
LG