Ссылки доступа

"Док-1 Макс" иши: Айыпталуучулардын бири тергөөнүн жүрүшүндө басымга кабылганын билдирди


10-январда Ташкент шаардык сотунда жөтөлгө каршы "Док-1 Макс" сиробун ичкен балдардын өлүмү боюнча сот отуруму уланды. Бул тууралуу "Газета.uz" басылмасы кабарлады.

Сотто сурак берген айыпталуучулардын бири, Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттигинин мурдагы башчысы Сардор Кариев тергөөнүн жүрүшүндө моралдык жана физикалык басымга кабылганын билдирди.

Отурумда судьянын суроолоруна жооп берген 23 айыпталуучунун 16сы тагылган айыптоолорду четке кагышты. Калган алты айыпталуучу күнөөлөрүн жарым-жартылай, бирөө толугу менен моюндарына алды.

5-январда өткөн сотто Өзбекстанда "Док-1 Макс" ичкен 18 бала майып болгону, каза тапкандардын саны 69га жеткени белгилүү болгон.

Өзбекстанда Индиянын Marion Biotech компаниясы өндүргөн "Док-1 Макс" сиробун ичкен балдар ууланып жатканы 2022-жылдын аягында кабарланган.

Өлкөнүн коопсуздук кызматы бул фактылар боюнча кылмыш иштерин козгоп, аталган сиробду Өзбекстанга импорттогон Quramax Medical компаниясынын жана Дары-дармектерди стандартташтыруу боюнча илимий борбордун жогорку кызмат адамдары кармалганын билдирген.

Фармацевтикалык тармакты өнүктүрүү агенттиги Marion Biotech компаниясынын дарыларынын курамындагы этиленгликол медициналык регламентте каралган ченемден 300 эсе көп экенин билдирген. Анын ордуна дарынын курамында пропиленгликоль (бактерициддик таасири бар тамак-аш кошумчасы) болушу керектиги айтылган.

Бул окуядан кийин Кыргызстандын дарыканаларында да "Док-1 Макс" сиробун сатууга убактылуу тыюу салынган.

Былтыр "Док-1 Макс" дарысын чыгарган индиялык компаниянын лицензиясы токтотулган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму үч өлкөдө жөтөлгө каршы бул сироптон каза болгон 300дөй баланын өлүмүн иликтеп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG