Ссылки доступа

Тажикстанда сот оппозициялык активисттин үй-бүлөсүнө өкүм чыгарды


Илхомжон Ёкубов (солдо) жана атасы Дадожон Ёкубов
Илхомжон Ёкубов (солдо) жана атасы Дадожон Ёкубов

Тажикстанда сот оппозициялык активист Илхомжон Ёкубовго жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата сыртынан өкүм чыгарды.

Хожент шаардык соту Илхомжон Ёкубовду, анын атасы Дадожон Ёкубовду, апасы Очажон Ёкубованы жана эжеси Мунара Ёкубованы "экстремисттик ишмердүүлүк" айыбы менен узак мөөнөттөргө эркиндиктеринен ажыратты.

Илхомжон Ёкубов тагылган айыптар негизсиз экенин, кылмыш иши саясий себептер менен козголгонун билдирди. Анын айтымында, сот мындай өкүмдү 2023-жылы декабрда эле кабыл алган. Чет өлкөдө болгондуктан бул сот отурумуна айыпталуучулардын эч кимиси катышкан эмес.

Илхомжон Ёкубов 2015-жылга чейин "Ислам кайра жаралуу" партиясынын Согд облусундагы кеңсесин жетектеген. Ал Тажикстандын Жогорку соту партиянын ишмердүүлүгүнө тыюу салып, мүчөлөрүнө карата куугунтук башталганда өлкөдөн чыгып кеткен. Бүгүнкү күндө Ёкубов Борбор Азия мигранттарынын ассоциациясын жетектейт. Мындан тышкары чет өлкөлөрдөгү оппозициялык төрт тажик уюмун бириктирген Тажикстандын улуттук альянсынын мүчөсү болуп эсептелет.

Хожент шаардык соту Ёкубовдордун үй-бүлөсүнө карата чыккан өкүм боюнча комментарий берген жок. "Озоди" радиосу тергөө органдарындагы өз булактарына таянып, активисттин атасы 14 жылга, апасы жети жылга жана эжеси 5,5 жылга эркинен ажыратылганын жазды. Сот үчөөнү тең "Экстремизм" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Радионун булагы Илхомжон Ёкубовдун өзү канча жылга соттолгонун так айткан эмес, болгону ал да узак мөөнөткө кесилгенин билдирген.

"Озоди" радиосунун кабарчысы менен сүйлөшкөн Илхомжон Ёкубов соттун өкүмү боюнча маалыматы жок экенин айтты. "Биз билгенден өкүм өтө катаал, биз аны менен макул эмеспиз. Улгайып калган ата-энем менен эжемдин менин ишмердүүлүгүмө эч кандай тиешелери жок. Эмнеге алар түрмөдө отурушу керек?", – деди Ёкубов.

Тажикстанда 2017-жылдан бери чет өлкөлөрдө жүргөн оппозиция өкүлдөрүнүн иши боюнча жабык сот отурумдары өтүп келет. 2018-жылы Хатлон облустук соту "Ислам кайра жаралуу" партиясынын ардагерлеринин бири Шамсиддин Саидовду сыртынан 15 жылга кескен. Партиянын лидери, бүгүнкү күндө Тажикстандын улуттук альянсын жетектеген Мухиддин Кабири да жабык сот отурумунда узак мөөнөткө соттолуп, мүлктөрү конфискацияланган.

XS
SM
MD
LG