Ссылки доступа

Казакстанда журналист Думан Мухаммедкаримдин иши боюнча тергөө аяктаганы кабарланды


Казакстанда журналист жана активист Думан Мухаммедкаримдин иши боюнча тергөө аяктады. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы анын адвокаты Галым Нурпеисовго шилтеме кылып кабарлады.

Өткөн жылы декабрда тергөө соту Мухаммедкаримдин камактагы мөөнөтүн 2024-жылдын 22-январына чейин узарткан.

"Азырынча бизде иштин материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Алар ишти прокуратурага жөнөткөнү жатышат. Мага иштин материалдары 22-январга чейин сотто болуп калышы керектигин жана аны менен ошол жактан таанышсак болорун айтышты. Бирок бул туура эмес. Иш прокуратурага жөнөтүлгөнгө чейин биз ага кол коюшубуз керек. Биздин колубуз жок прокуратурага жөнөтө алышпайт", – деди Нурпеисов.

ND аттуу youtube-каналдын автору Думан Мухаммедкарим "Экстремизмди каржылоо" жана "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери боюнча айыпталууда. Адвокаттын айтымында, журналист бозгундагы банкир Мухтар Аблязовго жардам берген деп шектелүүдө. Ал 2023-жылдын июнь айынан бери камакта отурат.

Өткөн жылы ноябрдын аягында Думан Мухаммедкарим соттолгон активисттер Айгерим Тлеужанова менен Марат Жыланбаевди колдоп абакта ачкачылык жарыялаганы кабарланган. Адвокаттын айтымында, Думан саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн жакында кайра дарыланат.

Мухаммедкаримдин камакка алынышын Эл аралык журналисттер федерациясынын (International Federation of Journalists) мүчөсү эсептелген Казакстандын тең укуктуу журналисттер федерациясы айыптаган. Казакстандык укук коргоочулар Думанды "саясий туткундардын" тизмесине кошкон.

XS
SM
MD
LG