Ссылки доступа

Астанада Коргонуу университетинин алдындагы Назарбаевдин эстелиги алынды


Казакстандын баш калаасы Астанадагы Улуттук коргонуу университетинин аймагындагы туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин эстелиги алынды.

Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы билдирди. Эстелик Назарбаевдин 80 жылдыгына карата 2020-жылы орнотулган. Былтыр декабрда Казакстандын Тунгуч президенти-Елбасы атындагы Улуттук коргонуу университетинин аталышы жөн гана Казакстандын Улуттук коргонуу университети деп өзгөртүлгөн. Коргоо министрлиги билдиргендей, эстелик Казакстан Куралдуу күчтөрүнүн мамлекеттик аскердик-тарыхый музейине жайгаштырылат.

2022-жылы күзүндө Казакстанда Туңгуч президенттин күнү мамлекеттик майрамдардын тизмесинен чыгарылып, баш калаанын аталышы Нур-Султандан Астана болуп өзгөртүлгөн. 2023-жылдын башында Казакстандын Конституциялык соту “Биринчи президент-Елбасы” тууралуу мыйзам күчүн жоготкондугун билдирген. Баш мыйзамдан Назарбаевдин макамы жана ролу тууралуу баардык сүйлөмдөр алынган. Ошол эле жылы президент Касым-Жомарт Токаев бул мыйзамды жокко чыгаруу жөнүндө буйрукка кол койгон.

Назарбаевдин ошондой эле “ардактуу сенатор” макамы да алынып, канцеляриясы жабылган.

XS
SM
MD
LG