Ссылки доступа

ЖМК: Казакстанда Самат Абиштин иши сотко өттү


Казакстанда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин иниси, өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрага орун басары Самат Абиштин иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү.

Бул тууралуу мамлекеттик Kazinform агенттиги өлкөнүн Башкы прокуратурасынын Сотко чейинки тергөө кызматына шилтеме кылып кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө Самат Абиш "Кызматтык ыйгарым укуктарынан ашкере пайдалануу менен оор кесепеттерге алып келүү" беренеси боюнча шектелип жатканы жазылган. Ага белгилүү бир аймактан чыкпоо бөгөт чарасы белгиленип, учурда Казакстанда экени кабарланды.

Маалыматтарга караганда, Самат Абиштин ишинде мамлекеттик сырды камтыган маалыматтар бар.

Самат Абиш Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. Ал Январь окуяларынан кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулган.

Башкы прокуратура 2022-жылы июнда Абиш тергөөнүн назарында экенин билдирген. Ошол эле жылы июлдун аягында ал "Карим Масимовдун жана башка айыпталуучулардын" иши боюнча "күбө катары" сурак бергени кабарланган.

XS
SM
MD
LG