"Биз канча чакырым жүргөнүбүзгө жараша эмгек акы төлөөнү талап кылабыз. Азыр ал 40 пайызга чейин кыскарды. Талаптарды асмандан алган жокпуз", - деди курьерлердин бири.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында курьерлердин өтүнүчү Финляндиядагы башкы кеңсеге жөнөтүлгөнү, жооп 23-январда берилери айтылды. Курьерлер компания маселени чечүүнү создуктуруп жатканын билдиришти.
Курьерлер Wolt компаниясынын кеңсесине 15-январда да чогулушкан. Алар айлык акыны жогорулатууну жана бонустук системаны киргизүүнү талап кылышкан. Ушундай эле талаптар менен Астана жана Актау шаарларында да ондогон курьерлер чогулган.