Мекеме кабарлагандай, Lada Largus үлгүсүндөгү жеңил унаа менен "Газель" жүк ташуучу унаасы кагылышкан. Lada Largus'тагы Өзбекстандын жети жаранынын үчөө ошол жерден мүрт кетсе, 4 жүргүнчү ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылды.
Учурда каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүү чаралары көрүлүп жатат.
Бул Орусияда акыркы бир жумада өзбек жарандары каза болгон экинчи жол кырсыгы. 11-январда Пенза облусундагы жол кырсыгында Өзбекстандын жети жараны каза болгону кабарланган.