Ссылки доступа

Тажикстанда милиция бөлүмүнүн алдында уксус ичип өлгөн аялдын окуясы иликтенүүдө


50 жаштагы Махтобби Махмудова Куляб райондук ички иштер бөлүмүнүн алдында өз жанын кыйган.

"Озоди" радиосунун өз булактары каргашалуу окуя 7-январда Фархор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аялга уурулук жана алдамчылык беренелери боюнча иш козгогондон кийин болгонун кабарлады.

"Бул аял уксус ичкен. Ал дароо ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер жардам бере алышкан жок", — деп билдирди өз булактардын бири.

Фархор райондук ички иштер бөлүмү Махтобби Махмудованын өлүмүн ырастап, ага Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси (уурулук жана алдамчылык) боюнча иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Бул иш боюнча башка маалымат берилген жок.

Маалыматтарга караганда, аял кызынын сүрөтүн колдонуп, Орусияда иштеген мигрант менен байланыш түзүп, андан акча алган деп айыпталган.

"Жигит өлүп калган. Анын үй-бүлөсү Махтобби Махмудованын кайда экенин билип, акчаны кайтарып берүүнү сурашкан. Аял Куляб облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилген, бирок имаратка кирер алдында уксус ичип алган", - деп түшүндүрдү өз булак.

Окуяны учурда Куляб прокуратурасы иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG