Ссылки доступа

Жапырт кармоо: Сот 11 журналистти тең эки айга камады


17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист, кызматкер, активист эки айга камакка алынды. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарды.

"Айт, айт десе" жана "Темиров LIVE" долбоорлорунун, "Арча медианын" жана "ПолитКлиника" басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

Алар – "Темиров LIVE" редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, "Темиров LIVE" редакциясынын, "Айт, айт десе" долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, "Темиров LIVE" редакциясынын мурдагы журналисти, учурда "Арча Медиада" (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында "Темиров LIVE" каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып "ПолитКлиникада" иштей баштаган Тыныстан Асыпбеков.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

ИИМдин белгилешинче, "Айт Айт Десе" жана "Temirov LIVE" интернет-аянтчаларында жапырт башаламандыкка чакырган маалыматтар 30-декабрда интернет мейкиндигин мониторинг жүргүзүү учурунда табылып, Тергөө кызматы соттук-лингвистикалык экспертиза дайындаган. Экспертизанын корутундусу 12-январда чыккан. Анда аталган материалдарда "нааразылык акцияларына жана жапырт башаламандыкка чакырыктарды камтыган маалыматтар бар экени такталган".

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирүүдө.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG