Пандемияга чейин Тажикстандан умрага жылына 2-3 миң гана адам барган.
Бийлик өкүлдөрү жалпысынан соңку беш жылда Тажикстандан зыяратчылардын саны үч эсеге көбөйгөнүн белгилейт.
Күн сайын Меккеге дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн, анын ичинде Борбор Азиядан миңдеген зыяратчылар барышат. Сауд Арабиянын Башкы статистика башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2023-жылы эле ажылыкка 160 өлкөдөн 2 миллиондой мусулман барган.
Бул арада Сауд Арабиясы 2024-жылы Тажикстандагы мусулмандар үчүн негизги ажылык квотасын 7 миң адамга көбөйткөн.