Ссылки доступа

АКШ кыргыз бийлигин журналисттин эркин иштөөсүнө шарт түзүүгө чакырды


Кошмо Штаттар Кыргызстандын бийлигин журналисттердин эркин иштөөсү үчүн шарт түзүүгө чакырды. 18-январда АКШнын Мамлекеттик департаментинин сайтына бул тууралуу атайын билдирүү жарыяланды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Мэтью Миллер “Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасында өкмөттүн көз каранды эмес маалымат каражаттарына жана журналисттерге каршы соңку аракеттери тууралуу билдирүүлөргө терең тынчсызданууда. Бул аракеттер, кыязы, өкмөт коомдук талкууну жана сөз эркиндигин баскысы келгендей ишмердүүлүк сыяктуу көрүнүүдө. Биз кыргыз бийлигин журналисттерге басым-кысымсыз иштөө шартын камсыз кылууга чакырабыз. Эркин жана көз каранды эмес басма сөз адам укуктарын коргоо, натыйжалуу демократиялык институттарды колдоо жана тынчтыкты, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн маанилүү.”

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист, кызматкер, активист эки айга камакка алынды. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарды.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап кеткен.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышканын билдирген.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жабдыктарын конфискациялап, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатканы маалым болгон, бирок атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганын тактай элек.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирип жатышат.

Кыргызстанда бийлик сөз эркиндиги камсыздалганын белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG