Ссылки доступа

Орусияда иш таштаган тажик мигранттары өз өлкөсүнө нааразылыгын билдирүүдө


Орусияда заводдо иш таштаган тажик мигранттары Тажикстандын бийлигине нааразылыгын билдирип жатышканын бүгүн 18-январда «Озоди» радиосу кабарлады.

Ростов облусунун Шахты шаарындагы «Химпэк» заводунда иштеген мигранттар жумушу оор, айлыгы аз экенин, ошондуктан нааразылык акциясын уюштурушканын, бирок тажик бийлигинин өкүлдөрү кырдаал менен жеринен таанышкандан кийин алардын таламын талашпастан, ишкананын жетекчилигин колдогонуна нааразы экенин айтып беришти.

15-январда «Химпэк» заводунда ондогон тажикстандык мигрант эс алууга убакыт берүүнү жана маянаны көбөйтүүнү талап кылып, иш таштаган. Завод жетекчилиги алардын көбүн жумуштан кетирген.

18-январда Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин өкүлчүлүгү билдирүү таратып, «аталган заводдун жетекчилиги жумушчуларынын айлыгын былтыр 80-85 миң рублге чейин жогорулатып бергенин, бирок 50дөн ашуун тажикстандык жана өзбекстандык жумушчу мурда Улуу Британияда иштеп келген бир кишинин провокациясына алдырып, иш таштаганын, завод 25 кишини калтырып, калганын жумуштан кетиргенин» кабарлады.

«Озоди» менен байланышкан жумушчулар министрликтин өкүлдөрү алар менен өзүнчө жолугушуу өткөрбөгөнүн, арыз-муңун угууга аракет кылбаганын, 80-85 миң рубль эч качан албаганын, декабрда 49-63 миңдей маяна тийгенин айтып беришти.

Орусияда Борбор Азия аймагынан Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнөн тышкары миллионго чукул кыргызстандык да эмгек мигранты болуп журөт. Укук коргоочулар орусиялык жумуш берүүчүлөр аларды арзан жумушчу күч катары колдонорун, укуктары көпчүлүк учурда камсыздалбай, корголбой турганын белгилеп келишет.

Рабочие из Таджикистана объявили забастовку на химзаводе в Ростовской области
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:18 0:00

XS
SM
MD
LG